Марихуана сатып жаткан жаран кармалды

Жалал-Абадда баӊгизат сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин Баӊгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсү (БМЖККБ) тарабынан облус аймагында “М” каймана аттуу атуул баӊгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

17-март күнү саат 23:40 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин БМЖККБ кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагынан Токтогул районунун тургуну 1972-жылы туулган А.У. 10 даана ширеӊке кутучасынын формасындагы кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар затты, 1 литрлик банкага салынган марихуана баӊгизатына окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн 1 капка салынган марихуана баӊгизатына окшогон затты тапшырган.

x3 1 2.jpg.pagespeed.ic .MX0slPaz5m Марихуана сатып жаткан жаран кармалды

Жалал-Абад ОИИБдин криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык, кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат 74 гр гашиш баӊгизаты, 1 литрлик банкага салынган зат 178 гр марихуана баӊгизаты жана 1 капка салынган зат 7 кг марихуана баӊгизаты  экендиги аныкталган.

Кармалган атуул Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

x1 1.jpg.pagespeed.ic .LR8 c5oQHI Марихуана сатып жаткан жаран кармалды