Баткенде жер титиреди

Бүгүн, 23-март саат 02:07де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.