Соцтармактарда ЖК депутаттарынын банкоматтын ачылыш аземине катышканы талкуу жаратты

22-мартта  «РСК Банктын» Фейсбуктагы баракчасына Ош облусунун Сары-Могол айылына банкомат орнотулганы тууралуу маалымат жарыяланган. Ачылыш аземге жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышканы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 10 күн аймактарды кыдырмак. Эл өкүлдөрү 22-марттан 31-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Мындай чечим 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынып, бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому жактырылган.