Нооруз майрамында, 21-мартта, Бишкектин Гагарин жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери менен кайгуулчулардын урушуп жаткан видео соцтармактарда тарады.
Пикир келишпестик эмнеден келип чыкканы белгисиз.
Видеодо унаанын багажы текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот.