Садыр Жапаров ачкачылык жарыялаган Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы жана ККМ тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде ачкачылык жарыялаган «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы жана ККМге байланышкан суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

 Саламатчылык.

— “Кумтөрдүн” мурдагы башкаруучусу, азыр камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачарчылык жарыялады. Ал бул кадамын жолдошунун күнөөсү жоктугуна көңүл бурдуруу максаты менен түшүндүрдү. Ошондой эле Теңгиз Бөлтүрүктүн эч кандай айыбы жок экенин белгиледи. Негизи кандай болгонун айтып берсеңиз. Ал жакта алтын уурдаган фактылары болду беле?

— Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. “Кумтөрдү” иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да. Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болду. Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды”,- деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек? Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок.

— Нарынга болгон акыркы иш сапарыңыздын алкагында ал жактагы соодагерлер менен жолугушуп, алардын ККМ маселеси боюнча суроолоруна жооп бердиңиз. Ошону менен бирге тийиштүү тараптарды чакырып кеңешме өткөрөм дедиңиз эле. Бул маселе боюнча Бишкекте да митингдер өткөнү маалым. Ушулар боюнча сиздин пикирди уксак?

— ККМ боюнча толук маалымат берейинчи. Карапайым, жөнөкөй соодагерлер илгертен бери эле салыкты жашырбай төлөп, мамлекетти багып, орточо бай жана олигархтарды байытып келет. Сөзсүз түрдө ай сайын 2 миңден 5 миң сомго чейин патент алышат. Эгер 5000 сомго ай сайын патент алсаң, жылына 60 миң сом патентке төлөйсүң. Дүңүнөн сатуучулар менен олигархтар дүңүнөн сатып, патенттерге жамынып, бир тыйын салык төлөбөй кетип калып жатышат. Биз: “Карапайым соодагерлер, силердин бир жылда саткан товарыңар 8 миллион сомдон ашпаса, патент албай эле койгула. Патентке акчаңарды коротуп эмне кыласыңар. Болгону ККМ колдонгула. ККМди да бекер берели. Силерден болгону сатып алуучуга чек берип тургула деп суранып жатабыз. Дүңүнөн сатуучулардан счет-фактура алгыла. Мамлекет силерден эмес, дүңүнөн сатуучулардан, бай бизнесмендерден салык алалы. Карапайым калкты кыйнабайлы. Эртерээк бутуна туруп алышсын” деп айтып атабыз.

Мындан сырткары, мурдатан берки бүгүнкү күндө иштеп жаткан патент мыйзамдары боюнча бир патент бир эле киши үчүн болчу. Биз өзгөртүү киргизип жатабыз. Мындан ары ККМди колдонуп, саткан товары 8 миллион сомдон ашпаса үй-бүлөсү дагы ошол эле ККМ менен иштей берет жана аларга эч кандай салык төлөнбөйт. Мисалы, аялы бошобой жатса, күйөөсү же кызы, же баласы дагы бир точкада бир эле ККМ менен соода кыла берет. “Эгер соодаң бир жылда 8 миллиондон ашса, анда 30 миллион сомго чейин 1 эле пайыз төлө. 30 миллиондон ашса анда салык кодекси менен иште” деп атабыз.

ККМге каршы чыкпаш керек. ККМ колдонуш учун бухгалтер жалдашыбыз керек экен, түшүнбөй жатабыз деген шылтоо болбош керек.

Бүт дүйнө жүзү эбак эле ККМге өткөн. ККМдин жакшы жери эч ким салыкты жашыра албай калат. ККМ киргенден берки салыктын көбөйгөнүн айта кетейин. Мисалы: “Кайнар” тойканасы 2021-жылы 192 500 сом салык төлөсө, 2022-жылда 2 522 800 сом салык төлөдү. “Асман” тойканасы 2021-жылы 567 миң сом салык төлөсө, 2022-жылы 2 879 600 сом салык төлөдү. Бул бир эле жылда болгон жыйынтык.

Биз салыктын тарифтерин бир тыйынга дагы көтөргөн жокпуз. Мурдагы эле тарифтер. Же салыктын жаңы түрлөрүн киргизген жокпуз.

Салыктын өз убагында көп чогулушу – бул силердин эмгек акыңардын көбөйүшү, пенсия, жөлөкпулдардын көбөйүшү, мектеп, бала бакчадардын салынышы, жолдордун асфальттанышы жана армияңдын күчтөнүшү.

— Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев