Касым Тыныстанов тууралуу түрк тилинде алгачкы китеп жарыкка чыкты

Кыргыз жазма адабиятынын пайдубалын түптөгөн акын, жазуучу, окумуштуу, кыргыздын тунгуч профессору Касым Тыныстанов тууралуу түрк тилинде алгачкы китеп Түркияда докторантура студенти Эмрах Алтыок тарабынан жарык көрдү. 1916-жылы Үркүндүн бардык оор сыноолорун башынан өткөргөн Касым Тыныстанов 19 жыл кыргыз адабиятында, илиминде, тарыхында калкынын рухий тереңдиги үчүн эмгектенген. Ал өзүнүн автордук бир ырында: “Келечекке карай жолго убагында чыкпадым, он сегиз жылдык өмүрүм текке кетти, өкүнөмүн” деп пайдасыз өткөн күндөрүнө кайгырат. Убакыттын баркын абдан жакшы билген Тыныстанов элин дайыма билим алууга, убакытты туура пайдалануга чакырат. Ал кыргыз маданиятынын, тилинин, адабиятынын пайдубалын түптөгөн калктын жана Теңир-Тоонун эр жүрөк уулу. Эли үчүн иштеп, элине жол көрсөтүп, акыры эли үчүн башын садага чаап кеткен инсан болгон.