Бишкек шаарында арыктарга таштанды таштагандар айыпка жыгылат

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаада жайга даярдык иштери күчөтүлдү. Учурда ирригациялардын абалын муниципалдык инспекция текшерүүдө.

Жарандар, ишканалар, чарбалык субъекттер жана турак жай ээлери суу түтүктөрүн үзгүлтүксүз тазалап, таза абалда кармап туруулары керек. Бир жума ичинде инспекторлор тарабынан 175 чарба субъектилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Ал эми шаар тургуну Баймаханов М.К. таштандыга толуп калган арыкты бетон менен жаап койгон. Жеринде инспекторлор тарабынан КРнын «Бузуулар жөнүндө» Кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды”, — деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда менчигинин түрүнө карабастан, протоколдор түзүлөрүн эскертет.