Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды

Кайрат Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Биринчи орун басарды эмгек жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырды.

x335491597 472033658368617 7567457162126140794 n 1 e1678802060678.jpg.pagespeed.ic .UhrnGCnq0g Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды