“Бюджетте кошумча каражат жок”: мектептердеги тамак-ашка кошумча каражат бөлүнбөйт

Быйыл мектептердеги тамак-ашка кошумча каражат бөлүнбөйт. Мунун себеби былтыртан бери пенсия, жөлөк пул, айлык акылар көбөйтүлүп, бюджетте кошумча каражат жок. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Каржы министрлиги келерки жылы мектеп окуучуларынын тамак-ашынын баасын 20 сомго чейин көтөрүүнү көздөөдө. Азыр министрликтин адистери бардык эсептөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

«Учурда башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна аймактарга жараша бюджеттен 7 сомдон 10 сомго чейин акча бөлүнүүдө”, — деп айтылат маалыматта.