Түркияда кыргызстандык келинин өлтүргөн кайнатасына сот өкүмү чыкты

Түркияда 2021-жылы кыргызстандык келини Аят Адсызды өлтүргөн 67 жаштагы Фехми Адсыз өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Демирөрен» маалымат агенттиги 14-мартта жазды.

Маалым болгондой, Аят Адсыз Толгахан Адсыз аттуу түркиялык жаранга турмушка чыгып, күйөөсүнүн ата-энеси менен бирге жашаган. Аят Адсыз эки баланын апасы болгон.

Баланын ата-энеси уулунун Аят Адсыз менен турмуш курушуна каршы болгондуктан, кайната менен келиндин мамилеси анча жакшы болбой, маал-маалы менен уруш чыгып турган.

2021-жылдын 11-октябрында, уулу жумушта жана жубайы менен чоң небереси сыртта жүргөн учурда, Фехми Адсыз менен Аят Адсыздын ортосунда талаш-тартыш чыккан. Кайнатасы ачуусу менен келинин бычактап өлтүргөн. Анын денесинен 16 бычак изи табылган.

Фехми Адсыздын айтымында, ал кылмышты жашыруу үчүн сөөктү жиликтеп, сыртка чыгарып, сууга же токойго ыргытууну пландаган. Алгач колу-бутун араа менен кесип, таштанды салган баштыкка салып, автоунаасынын багажына салып койгон. Андан кийин үйүнө келип, кан болуп калган кийимдерин алмаштырган. Маркумдун денесинин калган бөлүгүн баштыкка салып, чыгарардын алдында үйгө жубайы менен небереси келип калган. Жубайы канды көргөндөн кийин, ага келинин өлтүргөнүн айткан. Жубайы кошуналарына барып, болгон окуяны айтып берген. Кошуналары полиция чакырган.

Андан соң полиция келип, Фехми Адсызды кармап кеткен.

Бул үрөй учурган окуя Түркиянын Текирдаг аймагынын Черкезкөй районунда болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жараткан.