Кадыр Сайдилкан: “Инвестордун кантип акча тапканы кызыктырбайт”


Бишкектеги Novotel мейманканасынын ээсинин бир тууганы Кадыр Сайдилкан эки чоң ири курулуш тууралу өз пикирин жеке баракчасы аркылуу билдирди:
“Кечээтен бери, катуу талкуу болуп жаткан Нарын ресторанынын оордуна салына турган имаарат (отель,
соода-көңүл ачуу жайы)жана Орто-Сайга курула турган мечит (20000 адамга ылайык) жөнүндө менден бир-эки ооз сөз.
Азыр инвестор жөнүндө ар түрдүү сөздөр айтылып, бийликке болгон сын пикирлер да катуу болуп жатат.
Ал инвестордун кантип акча тапканы, тазабы же булганыч иштердин аркасынан тапканбы ал башка, мени
кызыктырбаган маселе.
Ал Жараткандын алдында, дүйнөлүк мыйзамдардын алдында өзү жооп берет.
Биз, дүйнө суктанган Азия арстандары болгон Дубай, Сингапур, Гонконг так ушундай инвесторлордун, өз
өлкөсүн жеген коррупционерлердин булганыч акчаларына курулуп, өнүгүп, азыркы акыбалга жеткен.
Айтууда $300 миллиондон ашык акча Нарын ресторанынын оордуна салынса, мечитке $51 миллион акча
салынат деп жатышат.
Бул Кыргыз экономикасына түз инвестиция, миңдеген курулушчулар маяна алып, 10 миллиондогон акчалар
курулуш материалдарына 10догон миллион салык катары өлкө казынасын толтурат.
Бүткөндөн кийин миңдеген кыргыз жарандарына жумуш оорду түзүлөт жана жыл сайын миллиондогон салык
казынага түшөт.
Инвестицияны жакшылап коргоп, шарт түзсөк мындай инвесторлор жүздөп келишет. Жакынкы өлкөлөрдөн,
Россия, Кытай, Казакстандан, Өзбекстан, Түркмөнстандан акчасын жашырган көп инвесторлор келет( келе
берсин)
Айтайын дегеним эч бир зыяны жок!
Эгерде кимдир-бирөө булганыч акчасына мечит куруп жатса-ал адам менен Жараткандын ортосундагы иш.
Биз чеччү маселе эмес. Ал мечитти же отелди көтөрүп кетпейт. Бизде калат кылымдар бою кызмат кылып!
Ошондуктан көп эле ызырына бербегиле ”, – деп жазган ал.

Кийин анын посту өчүрүлдү.

Эске салсак, Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү баасы $321 млн түзгөн көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында 20 миң кишилик заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушу, ошондой эле ишкер Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроолорго жооп берди.

Ал өз сөзүндө Хабибулла буга чейинки президенттер менен кандай мамиледе болгону маанилүү эмес экенин, башкысы кылмыш кылган эмес жана издөөдө жүргөн эмес болсо, мекенге инвестиция салам деген бардык ишкерлерди кол чаап тосуп аларын айтты.