“Кыз өз жанын кыйган”. Зордуктоо фактысын жашырууга аракет кылган милиционерлер кармалды

Бишкекте жашы жете элек кыз зордукталгандан кийин 5 айдан кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, 2021-жылдын ноябрь айында 13 жаштагы А.Ж.нын бир тууган агасы милицияга кайрылып, анын дайынсыз жоголгон кызды таап берүүнү суранган. Үч күндөн кийин кыз табылып, ал зордукталганы белгилүү болду.

«Өспүрүм табылганда ал 21 жаштагы жигит тарабынан зордукталганын айткан. Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жабырлануучуну Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Ал жерде милиция кызды бир гана жолу суракка алып, кылмыш ишин козгогон, бирок шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Мындан тышкары, алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчүлөр кызды суракка алуу протоколун жана экспертизанын жыйынтыгын жасалмалашкан», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын укук коргоо кызматкерлери сурак протоколунда кыз шектүү менен өз ара макулдашуу боюнча жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн. Эксперт ошондой эле өспүрүм 17-18 жаштай көрүнөт деген корутундусун берген.

Маалым болгондой, азыр Башкы прокуратура Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүнө жана корутунду берген экспертке кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген.