“Наристенин чыканактан ылдый жагы кесилип”: Туура эмес укол сайган ак халатчандардын ишин милиция текшерүүдө

Токтогулдагы дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ымыркай колунан ажыраганы айтылган. Бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну 24-февраль күнү Токтогул райондук прокуратурага арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылы туулган баласы денесине ар түрдүү нерселер чыгып дене табы көтөрүлгөндүктөн, Токтогул райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын, ал жерде дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, анын кесепетинен Бишкек шаарындагы балдар ооруканасында оң колун чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болгондугун билдирип, Токтогул райондук ооруканада иштеген окуяга тиешеси бар дарыгерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Жогорудагы арыз Токтогул райондук прокуратурасынан Токтогул РИИБге чечим кабыл алуу үчүн жиберилген жана 28-февралда Токтогул РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар болгон Токтогул райондук оорукананын дарыгерлери жана медайымдары күбө катары суралып, бейтаптын баяны алынып, 6-март күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрилигинин алдындагы соттук-медициналык экспертиза борборуна соттук-комиссиялык экспертиза дайындалып топтолгон материал жиберилген.

Учурда аталган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.