Дүйнө жүзү элүү жыл ичинде жер титирөөлөрдөн триллион долларга жакын жабыр тартты

Акыркы 50 жылда дүйнө жүзү жер титирөөдөн он миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетти. Ошондой эле жер титирөөлөрдүн экономикалык зыяны бир триллион доллар чегине жакындады. Бул тууралуу Анадолу агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  2011-жылдын 11-мартында Япониядагы 9,1 баллдык жер силкинүү 360 миллиард долларлык зыян алып келди.  Бул дүйнө жүзү боюнча рекорддук көрсөткүч болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) жана Камсыздандыруу маалымат институтунун маалыматы боюнча, «Тохоку жер титирөө» акыркы жарым кылымдагы дүйнөдөгү эң кыйраткычтардын бири болгон.

Күчү 9,1 баллга жеткен жер титирөөлөрдүн жана андан кийинки цунамилердин кесепетинен 20 миң адам каза болуп, кырсык болгон аймакта 70 миллион метр куб таштанды топтолгон. Жер титирөөдөн келтирилген экономикалык зыян 360 миллиард долларды түздү.

Камсыздандыруу маалымат институтунун маалыматы боюнча, камсыздандыруу компаниялары тарабынан 47 миллиард доллар төлөнгөн. 2011-жылдагы зилзала да дүйнөлүк тарыхтагы эң камсыздандырылган жер титирөө болду.

1995-жылы Японияда болгон 6,9 баллдык Улуу Ханшин Аваджи жер титирөө 6400дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, 200 миллиард долларлык экономикалык чыгымга учураган.

Түркия Ишкерлер Конфедерациясынын (TÜRKONFED) маалыматына караганда, Түркиянын түндүк-батышындагы Гөлжүк аймагында 1999-жылы 17-августта болгон жер титирөөнүн экономикалык зыяны 17,1 миллиард долларды түзгөн. Гелджук шаарында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн курмандыктары 17 миң 480 киши болду.

TÜRKONFEDдин эсептөөлөрүнө ылайык, очогу Түркиянын Кахраманмараш аймагында болгон 2023-жылдын 6-февралында болгон эки жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84,1 миллиард долларды түзөт.

Дүйнөлүк банктын болжолдоосу боюнча, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн түздөн-түз материалдык чыгым 34,2 миллиард долларды түздү. Ал эми урап калган имараттарды калыбына келтирүүгө эки эсе көп каражат керектелет.

4-мартка карата Түркиянын 11 провинциясында 45 миң 968 адам катуу жер титирөөлөрдүн курмандыгы болду.

ПРООНдун маалыматы боюнча, жер титирөөлөрдөн кийин Түркиянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында талкаланган үйлөрдүн урандыларынан улам 100 миллион метр куб таштанды пайда болгон.