УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн адиси А.Н.Т., Сузак айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча адиси О.С., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн адиси И.К. жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Х.У.Р., ошондой эле мыйзамсыз бүтүмдөрдү түзүүгө ортомчулук кылган Кыргыз Республикасынын жараны К.О.С. кармалган.
Кармалгандар жасалма документтерди колдонуу менен Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жеке турак-жай курууга айыл чарба өндүрүшүнө гана ылайыкталган жер тилкелерин мыйзамсыз сатышкандыгы аныкталган.
Жогорудагы кызмат адамдарынын жана жарандардын жашаган жеринде жана иштеген жеринде тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Сузак районунун аймагындагы жер тилкелерине тиешелүү 500дөн ашык жасалма белгилери бар документтер табылып алынган.
Учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө”
, – деп айтылат маалыматта.
Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарын жер тилкелери боюнча алдамчылык фактылар болсо, анын ичинде кызмат адамдары катышкан фактылар болсо Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнүн: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөт.
Ошол эле учурда, Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кабыл алынган токтомдор мыйзамсыз экенин маалымдайт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.45 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.52 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.43 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.42 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.46 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.44 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.49 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан
WhatsApp Image 2023 03 07 at 08.10.51 1 УКМК: Сузак районунун бир катар кызматкерлери жерлерди мыйзамсыз сатышкан