УКМК: Муниципалдык жерлерди мыйзамсыз тартып алуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматта, УКМК тарабынан коррупциянын деңгээлин азайтуу жана жоюу иштеринин алкагында “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Аламүдүн райондук архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо жолу менен муниципалдык менчиктен жерлерди чыгарып жана өздөштүрүү боюнча коррупциялык механизмин уюштургадыгы үчүн кылмыш иши козголгону айтылат.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктардын биринин башчысынын орун басары К.Б.К. жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин адиси А.Н.М. тарабынан жеке кызыкчылыктары үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү эң баалуу муниципалдык жер тилкелерин жалданма адамдарга катталганы аныкталган. Ошону менен иш жүзүндө муниципалдык менчикти басып алышкан.
2023-жылдын 6-мартында бул адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын аныктоо жана ушул сыяктуу фактыларды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө
“, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетчү нерсе, шаар куруу жана архитектура кызматтарынын айрым кызматкерлеринин мындай мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында имараттардын архитектуралык ансамбли бузулуп, материалдык гана зыян келтирбестен, борбордун эстетикалык көрүнүшү да бузулууда.