ВИДЕО: Жаш мугалимди укпай, ага каяша айтып, ээ-жаа бербей жаткан окуучунун видеосу тарады

Бишкектеги мектептердин биринде жогорку класстардын окуучулары жаш мугалимди укпай, ага каяша айтып, ээ-жаа бербей жаткан видео тарады.

Окуучу түз эфирге чыгып, сабак учурунда туруп алып, эжекесин укпай, кечигип келген балдарды тартып жаткан. Ошол эле учурда партанын үстүндө олтуруп алып, эч нерседен коркпогон окуучуну да көрүүгө болбот. Мугалим теманы жазып жатканда, ага тийишип, сөздөрүн кулакка илбей жатканы зээнди кейитет.

Учурда бул окуучулардын жосунсуз жоруктары, мугалимди сыйлабастыгы соцтармактарда кызуу талкууга алынууда

Мугалимди сыйлабоо жана класстагы тартип социалдык тармактын колдонуучуларынын кыжырын келтирди. Алдын ала маалымат боюнча, окуя Бишкектеги №91 гимназияда болгон.

Окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы департамент сөзсүз текшерип, кийинчерээк расмий жооп берерин айтышты.