ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын жана анын күжүрмөн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратын, Ведомстволук милиция полкунун, Бишкек шаарынын Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук күзөт бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы текшерилди.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күжүрмөн даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата министрдин буйругу менен министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу түзүлгөн.
Буйруктун талаптарын аткаруу боюнча Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын, Күзөт Полкунун жана Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук күзөт бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын өздүк курамын “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.
“АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратын, Полктун жана Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук күзөт бөлүмдөрүндө өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду.
Бирок, кызматтык кужүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча боюнча бир катар кемчиликтер орун алган. Ошондой эле ИИМдин бир катар буйруктарынын аткарылышы тиешелүү талаптарга жооп берген эмес.
Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилигине бир катар кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.

ba974f5e cbe2 47cb 8585 9914f4cd9678 ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын жана анын күжүрмөн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы текшерилди