Аламүдүн районунда үйдүн ээси уурулукка келген жаранды бакка байлап салган

Чүйдүн Аламүдүн районунда үйдүн ээси уурулукка келген жаранды кармап алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-март күнү белгисиз жаран эч ким жоктугунан пайдаланып, Ак-Жар жаңы конушундагы үйлөрдүн бирине кулпусун сындырып кирген. Ал үй оокаттарын чачып жатканда, үйдүн ээси келип калып, ууруну колго түшүргөн. Үй ээси ууруну качып кетпесин деп бакка байлап койгон. Андан соң милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренеси (Уурулук кылууга аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адамдын өздүгү такталып, ал мурун сот жообуна тартылган 32 жаштагы М.Э. аттуу жаран экендиги аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

News 160869042717010392096376456968579915808 Аламүдүн районунда үйдүн ээси уурулукка келген жаранды бакка байлап салган