Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин анын басма сөз кызматы таратты:

“Урматтуу асылзат айымдар!

Ардактуу ак саамайлуу энелер, эже-карындаштар! 

Баарыңыздарды мээрим чачып кирип келген көктөм жаздын жарчысы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын. 

Жаз майрамында жагымдуу маанай тартуулап, ар бир үйдүн куту болгон аялзатына жылуу мамиле жана сый-урмат көрсөтүлүп өзгөчө белгиленип келет. 

Жашоого ченеми жок кубат берип, чексиз бакыт тартуулаган энелерибиз – ааламга нур чачкан берекесиңер. Эже-карындаштарыбыз болсо ошол береке-кутту бекем кармап, эне жолун улап, аялзатынын аруулугун алып келе жатасыздар.

Байыртадан эле нарк билги кыргыз журтчулугунда “Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет” деп айтылып келген. Ата салтын азыркыга чейин сактап, улуттун келечеги энелердин колунда, деп кыргыз аялзатынын коомчулуктагы орду жогору бааланат. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет. 

Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында  кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин.

 Урматтуу аруузат айымдар! 

Тарыхыбызда даңкы таш жарган, кыраакы каныша атыккан Курманжан датка энебизден үлгү алуу менен өз заманыңыздардын татыктуу асылзаттары болосуздар деп бекем ишенем. Ар дайым бакыттын туу чокусунда болуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бар болуңуздар, Кыргызстандын кымбаттуу айымдары!

Сиздерди жаз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс бакыт, үй-бүлөңүздөргө береке тилейм!”.