Кайгуул кызматкери айдоочудан акча сураганы үчүн жумуштан айдалды

Социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматкери жол эрежесин бузган айдоочудан акча сураганы тартылган видеого байланыштуу бир нече кызматкер жазага тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

image 2 Кайгуул кызматкери айдоочудан акча сураганы үчүн жумуштан айдалды

Маалыматка караганда, аталган видео 1-мартта «Инстаграмга» түз эфирде чыккан.

 Милициянын кайгуул кызматкери жол эрежесин бузган айдоочудан айып пул жазбоо үчүн 1000 сом сурайт. Бирок айдоочу анча акчасы жок экенин айтып, 200 сом берет. Тасма түз эфирге чыгып кеткенин айдоочу дароо жол кайгуулчуга айткан. Айдоочу окуяны камерага тартып жатканын билгенден кийин, кайгуул кызматкери «200 сомуң кереги жок, протокол эле түзүп берем» деп акчаны кайтарып берет.

Министрликтен билдиришкендей, бул окуя боюнча алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндѳ, видеодогу кызматкер Бишкек ШИИББнин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын полкунун 1-ротасынын 1-взводунун кенже инспектору, милициянын старшинасы Ч. К. экендиги аныкталган.

«Ал өзүнүн кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарбай, укук коргоо органынын кызматкери болуп, кызматтын кызыкчылыгын эсепке албай мыйзам бузууга жол берип, анын катышуусунда интернет тармактарда коомдук резонанс жараткан видео тасма жарыяланып, жарандар арасында терс пикирлер орун алып, жыйынтыгында милициянын старшинасы Ч.К. укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулду», — деп билдирет ИИМ.

Андан тышкары, бир нече кызматкерге жаза берилген:

— Кол алдындагы кызматкердин күнүмдүк аткарып жаткан милдеттерине кѳзѳмѳлдү начар жүргүзгөнү үчүн Кайгуул милициясынын полкунун 1-ротасынын 1-взводунун командири милициянын кенже лейтенанты Мирлан Жексимбеков ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган.

—  Кол алдындагы кызматкердин күнүмдүк аткарып жаткан милдеттерине кѳзѳмѳлдѳѳ иштерин начар жүргүзүп, функционалдык милдеттерин жеткиликтүү деңгээлде аткарбай, жогорудагыдай көрүнүшкө жол бергени үчүн Кайгуул милициясынын полкунун 1-ротасынын командиринин орун басары милициянын лейтенанты Күмүшбек Молдобеков ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган.

— Кол алдындагы кызматкердин күнүмдүк аткарып жаткан милдеттерине кѳзѳмѳлдѳѳ иштерин начар жүргүзүп, жогорудагыдай фактылардын болтурбоо боюнча жеткиликтүү деңгээлде иш-чараларды алып барбагандыгы үчүн Кайгуул милициясынын полкунун 1-ротасынын командири, милициянын капитаны Кубат Тойгонбаевге катуу сѳгүш берилген.

— Кол алдындагы кызматкердин күнүмдүк аткарып жаткан иштерине кѳзѳмѳлдү начар жүргүзгөнү үчүн Кайгуул милициясынын полкунун командиринин орун басары Тилекмат Молдобаевге катуу сѳгүш берилген.

ИИМден белгилешкендей, мыйзам бузуп, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандар  сөзсүз жазага тартылат.