Өмүрбек Текебаев Германияда чыккан техникаларын лизинг шартында Кыргызстандын дыйкандарына жеткирүү боюнча макулдашты

«Мерседес – Африкада да Мерседес» дегендей, мурда колдонулган болсо да сапаттуу, арзан сельхоз техника, – дейт элчи Текебаев.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 2023-жылдын 2-мартында Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку жетекчиси Мирлан Бакировдун өтүнүчү менен Харзевинкель шаарындагы “Claas” компаниясына барып, компаниянын аймактык директору Доктор Нилс Ройч менен жолукту.

Жолугушуунун максаты – Кыргызстандын айыл чарба ишканалары үчүн колдонулган, баасы жаңы техникаларга караганда дээрлик 50%га арзан болгон «Claas» үлгүсүндөгү тракторлорду жана айыл чарба техникаларын лизинг шартында Кыргызстандын дыйкандарына жеткирүү боюнча кызматташууну түзүү болду. Дыйкандар жогорку сапаттагы техниканы салыштырмалуу арзан баада алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Учурда «Claas» расмий импортер аркылуу бергенге даяр.

Элчинин айтымында, булар сапаттуу жана кымбат. Бирок, бул шаймандар арзан эмес болсо дагы,кыргызстандыктар да алышат экен. Учурда Мүлк фондунун жаңы жетекчиси дагы, бул техникалар бизге лизинг аркылуу берилсе, сүйлөшүүлөр ар тараптан жүргүзүлсө, маселе оң жагына чечилсе экен деген пикирин айтты.

Текебаев аталган компаниянын жетекчилери менен сүйлөшүп, алар кызыкдар компаниялар менен маклдашууларга даяр экендигин билдирди.