„Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады

“Сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынат», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

138740.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады

Сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынат», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи. 

Мамлекет башчы сот бийлигинин жетекчилерин, сотторду, сот тутумунун кызматкерлерин жана ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады. 

«Сот — бул сиздердин жөн гана кесиптик иш чөйрөңүздөр эле эмес, миллиондогон жарандардын тагдырына таасир эте турган мамлекеттик институт. 

Сот тутуму өзүнчө бир бийлик бутагы катары укуктук мамлекеттин эң маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан сиздер колуңуздардагы мындай эбегейсиз чоң бийлик ресурсун туура, так жана натыйжалуу колдоно билишиңиздер зарыл. Аны калыс, акыйкат колдонуу менен жалпы мамлекеттик бийликтин аброю бекемделет, элдин ишеничи кайтарылат. 

Сот тутуму жарандардын жана ишкерлердин конституциялык укуктарынын, ошондой эле алардын эркиндигинин ишенимдүү корголушун камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле маалда сот бийлиги жеке кызыкчылыктан, саясий симпатиядан, идеологиялык алдын ала пикирлерден оолак болуусу өтө маанилүү!

Өзгөчө сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынат. Себеби сот бийлигинин аброю ар бир кызматкердин өз милдеттерин канчалык абийирдүү жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгынан түздөн-түз көз каранды. 

Элибизде сот адилетүүлүгү тууралуу ташка тамга баскандай, таамай айтылган „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“ деген накыл сөз бүгүнкү күндө дагы өз таасирин жоготкон жок. Бул накыл сөздү эгерим эсиңиздерден чыгарбаңыздар!» — деди Президент. 

Садыр Жапаров кыргыз сот тутумунун тарых-таржымалына учкай токтолуп кетти. 

«Россия империясынын курамына киргенге чейин Кыргызстандагы сот адилеттиги түндүктө — бийлер, түштүктө — казылар тарабынан адат-салттарга, турмуштук укук жана шарият эрежелерине негизделген мусулман укугу боюнча жүзөгө ашырылып келген. Ошондой эле соттун милдетин уруу манаптары дагы аткарышкан. 

Кийин Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасына айланышы менен сот органдарынын түзүмү андан ары өзгөрүп, өнүктү. 

Кыргыз ССРинин түзүлүшү өлкөбүздүн экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө, ал эми сот органдарынын андан ары демократиялашуусуна, жакшырышына өтө чоң өбөлгө болуп, тарыхый окуялардын бири болуп калды. 

Кыргыз ССРинин Башкы соту Кыргыз ССРинин Жогорку Соту деп аталып, ага жараша анын түзүмү менен иш-милдеттери да өзгөргөн. Соттор биринчи жолу өз өкүмдөрү менен чечимдерин Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын атынан чыгара башташкан. 

1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, анда Кыргызстан укуктук мамлекеттин башатында курулган суверендүү, демократиялык республика деп жарыяланды. Конституция аркылуу бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүнүү принциби бекигенин билесиздер. 

Конституциянын кабыл алынышы менен өлкөдө сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун чыңдоо жаатында маанилүү кадамдар жасалган. Кийинки жылдары сот реформасынын алкагында судьяларды тандоо, дайындоо жана шайлоого, алардын жоопкерчилигин жогорулатууну жөнгө салууга жана өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардын кабыл алынуусуна байланыштуу иш-чаралар болгон. 

Бүгүнкү күндө биз кыргыз сот тутумунун калыптанышына жана андан ары өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон ондогон инсандарыбыз менен сыймыктанабыз. Алардын ичинде Кыргыз АССРинин Башкы сотунун алгачкы төрагалары: Иманбек Текеев, Курманалы Кулумбаев, Иманалы Айдарбековдорду өзгөчө белгилеп кетүүгө болот», — деди Мамлекет башчысы. 

Андан кийин Садыр Жапаров сот системасынын азыркы абалына токтолду. 

«Мен президенттикке келгенде мамлекетибиз кандай оор акыбалда болгонун өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бирок ошондой болсо дагы Кыргыз Республикасынын сот тутуму акыркы эки жылда бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, сот реформасынын алкагында маанилүү натыйжаларга жетише алды. 

Судьялардын, сот тутумунун кызматкерлеринин айлык маяналарынын кыйла жогорулашы, судьялардын масштабдуу ротациясы, ротация болгон судьялар үчүн кызматтык турак жайлардын курулушу — азырынча жетишилген натыйжалардын чеги гана», — деди ал. 

Президент кошумчалагандай, жакынкы аралыкта бардык райондук борборлорунда судьялар, сот тутумунун жетекчилери жана кызматкерлери үчүн бардык шарттары бар көп кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулушу бүткөрүлөт.

Мамлекет башчысы белгилегендей, илгерки же акыркы жылдары көнгөн, адат болуп калган «ушул жерде мага ыңгайлуу, ушул жерде иштешим керек» деген түшүнүктөн арылып, мамлекет кайсы жерге жиберсе, ошол жерде иштегенге макул болуу зарыл. 

«Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту ротацияланган судьялардын ишинин натыйжалуулугу боюнча талдоо жүргүзүп, тийиштүү чараларды көрүүсү керектигин белгилеп кетейин. 

Өзүңүздөргө маалым болгондой, кечээ жакында Ысык-Көл облусунда алгач ирет түзүлгөн Сот адилеттиги үйүнүн ачылышы болду. Эми кезекте Жалал-Абад облусунда Сот адилеттиги үйү ишке берилет. Андан тышкары сот аткаруучулары менен сот приставдары үчүн кызматтык автоунаа маселелери дагы жакын арада чечилмекчи. 

Сот реформасын толук кандуу ишке ашыруу үчүн судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу иштери абдан маанилүү экени шексиз. Бул багытта Жогорку Соттун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тиешелүү иштерди жүргүзүүсү кажет. Андан тышкары эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен укук үстөмдүгүн камсыз кылууга, сот тутумун санариптештирүүгө, судьялардын, сот мекемелеринин аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор жүзөгө ашырылып жатат.

Бул багытта мамлекет мүмкүнчүлүгүнө жараша бир топ алгылыктуу иштерди жасап, колдоо көрсөтүп турат», — деп баса белгиледи. 

138735.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады

Мындан башка, Мамлекет башчысы сот иштеринде мурдагыдай эле катачылыктар, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары болуп жатканын айтып өттү. 

«Буга чейин адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келди. 

Акыркы жылдары сот тутумуна өзгөчө көңүл бурулуп, сиздердин көз карандысыз болууңарга бардык аракеттерди кылып жатабыз. Бирок айрым судьялар көнгөн адаттарын койбой, өз кызыкчылыктарын көздөп кылмышкерлердин жосундарынын оордугуна көз жуумп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалоону, ошондой эле пара талап кылууну көнүмүш адатка айлантып, андай өнөкөттөрдөн арыла албай жатканы абдан өкүндүрөт. 

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин дарегине келип түшкөн кайрылуу, даттанууларды талдоонун жыйынтыгы менен 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзамды бузгандыгы үчүн 2 судья кызматынан бошотулуп, 2 судьяга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берилгени маалым. 

Дагы бир кейиштүү нерсе, биздин соттордо көптөгөн иштер айлап, кээ бир учурларда жылдап каралаары баарыбызга белгилүү. 

Айрым судьялар тарабынан кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объектилери боюнча белгилүү бир тараптардын пайдасына багытталган чечимдер чыгарылганы тууралуу фактылар аныкталып жатат. Мындай мыйзамга каршы келген чечимдерди токтотпосок, алардын кесепети элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизери турган иш! 

Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек! 

Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, сот тутумунда кадр саясаты толугу менен жакшы жолго коюла элек. 

Сот тутумундагы кызмат орундарына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, жеке кызыкчылыктарды көздөөдөн алыс болуу менен коррупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуусу шарт. 

Эгерде андай көрүнүштөр аныкталса, сөзсүз чара көрүлөт! 

Албетте, баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок силердин катарыңарда сот деген ардактуу наамга татыктуу болбогон кызматкерлер жок эмес. Булардан сырткары, коомчулукта нааразычылык жараткан көйгөйлүү маселелер аз эмес. Алардын себептерин талдап, аныктап жана жоюу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. 

Сот адилеттигин ишке ашыруудагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу — эң маанилүү иштердин бири. Санариптештирүү иштеринин алкагында даярдалып жаткан программалар чыныгы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, жарандардын, ишкерлердин талаптарына жооп бергидей заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши зарыл. 

Санариптештирүү иштери өлкөдөгү бардык мамлекеттик органдарда бирдей жүргүзүлүп, өз ара байланыш тутумдары ишке киргенде гана толук кандуу жемишин бере баштайт. 

Бул багытта аткарылып жаткан иштерди ыкчамдатуу, эл аралык донорлордун жана мамлекеттин сарптап жаткан акча каражаттарынын ар бир сомунун натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча ар дайым айтып келем. 

Сот тутумунун ишмердүүлүгү өлкөбүздүн экономикалык, социалдык тармактарындагы абалга таасири зор экенин дагы бир ирет баса белгилейм. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун „Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот“ деген осуят сөздөрү ар бирибиздин, айрыкча, судьялардын жүрөгүндө бекем сактылышы керек! 

Мына бүгүнкү күндө кыргыз сот тутумунун жүзү болуп, элге ак ниет кызмат кылган судьяларга, сот кызматкерлерине жана сот тутумунун ардагерлерине ыраазычылык билдирем», — деди Президент. 

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда дагы бир жолу иш-чаранын катышуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

138743.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады
138737.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады
138741.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады
138733.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады
138746.jpg w780 h500 resize „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок!“: Президент сот тутумунун кызматкерлерин куттуктады