
Кыргызстандын аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга карата рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд бүгүн, 28-февралда башталып, 10-мартка чейин уланат. Анын жүрүшүндө автоунаасынын маңдайкы жана каптал терезесин мыйзамсыз караңгылаткан жана уруксатсыз кошумча жабдууларды колдонгондор аныкталат.