
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге Илим Карыпбеков калаадагы тротуарлар боюнча кеңеш берди.
Дастан Бекешев мэриянын ишин сынга алып: “Шаардагы көптөгөн тротуарларды кафелер, курулуш компаниялары басып алышкан. Бул деген мэриядагы коррупциянын көрсөткүчү же болбосо кайдыгерлик”, – деп жазган.
Ага Илим Карыпбеков жооп кылып: “Дастан Далабаевич, өз көзүңүз менен көрбөгөндөн кийин, ким эмне айтып, эмне жазса эле баарына эле ишене бербеңиз”, – деп жооп берген.

Ал эми калаа мэри бүгүнкү маалымат жыйынында былтыр борбор калаада 15 чакырым тротуар салынганын айтты. Быйыл аны 3-4 эсеге көбөйтүү пландалууда.
«Быйыл биз жолдорго эмес, тротуараларга өтө көп көңүл бурабыз деп жатабыз. Тротуарлардын абалы начар. Былтыр 15 чакырым жасалган. Биз былтыр тротуарлар көп жасалды деп айта албайбыз», — деди ал.
Аны менен бирге ал, мындан ары тротуарлар брусчаткадан эмес асфальттан салынарын билдирди.