Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунун экс-директору кармалды

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун экс-директору Таалайбек Кудайбердиев кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин прокуратура ооруканада текшерүү жүргүзгөн.

Кудайбердиев 2021-жылдын 4-июнунан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору болуп иштеп келген.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кошумчалагандай, 2023-жылдын 16-февралында Таалайбек Кудайбердиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директорлугунан өз арызы боюнча кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Буга байланыштуу 17-февралда КР Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлгөн, деп кошумчалады Саламаттыкты сактоо министрлиги.