Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды

Кечээ, 27-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Шайлообек Атазовдун байгесине арналган бокс боюнча эл аралык таймаштын ачылышына катышты. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев депутат тарабынан демилгеленип, өткөрүлүп жаткан мелдешке жогору баасын берип: “Акыркы жылдары спортко өзгөчө көңүл бурулуп, кыргыздын улан-кыздары эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырышууда. Бул мамлекетибиз үчүн чоң олжо, элибиз үчүн сыймык. Андыктан бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара дагы өлкөлөр ортосундагы достукту арттырып, спортко кызыккан жаштардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деди. 

shakief Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды

Муну менен катар Жогорку Кеңештин атынан ар бир катышуучуга ийгиликтерди каалаган Төрага: “Мелдеште күчтүүнүн күчтүүсү жеңсин”, – деген тилегин билдирди. 

Аземдин алкагында Төрага Нурланбек Шакиев спорт жаатындагы жетишкендиктери жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

63fcb39c5c3d6 Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды
63fcb39a70598 Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды

Өз кезегинде Дмитрий Бивол мелдештин уюштуруучуларына жана тапшырылган сыйлыкка ыраазычылыгын айтып, кол тамгасы түшүрүлгөн бокс мээлейин Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго белек кылды.

63fcb39e05fad Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды
63fcb39eb2e66 Дмитрий Биволго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы тапшырылды