Новосибирскте каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Новосибирск шаарында турак жайда газ жарылуусунан улам жабыркап, кийин ооруканада каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 9-февралда турак жайда газдын жарылуусунан Айжаңыл Калмурзаева жана анын күйөөсү жабыркаган. Анын омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна (НИИТО) жаткырылган жана ага операция жасалган. Дарылоо фазасын аяктагандан кийин ал реабилитациялык борборго которулган.

Башкы консулдук үй-бүлөгө сөөктү кабыл алуу боюнча тиешелүү документтерди даярдоого, ошондой эле кыргыз диаспорасы менен биргеликте жүк 200 менен мекенине жөнөтүүгө жардам берген.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугунун маалыматы боюнча, каза болгон жаран КР жараны болгон, анын күйөөсү жана балдары Орусиянын жарандыгын алышкан.  Газ жарылган үйдө алар биринчи кабаттагы батирди ижарага алып жашап жүрүшкөн.