Кыргызстандын тышкы карызын төгүүгө 31.5 млн сом топтолду

Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебине жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт.

2023-жылдын 20-февралына карата эсептеги каражат 31 млн 532 сомду түздү.

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казынасы атайын депозиттик эсеп ачкан.