Айдоочулар эки ирет мас абалында унаа башкарса, үч жылга чейин күбөлүктөн ажырайт

Ушул жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочулар эки ирет кармалса, үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин, Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 миң 500 сом айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген. Эми 8-марттан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат.

«Ал эми унаа башкарууга укугу жок жарандардын мас абалында унаа айдаган учурда, 15 миң сом айып салынып келсе, үч күнгө камакка алынат.

Мас айдоочу спирт ичимдигин ичкендигин текшертүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда, буга чейин 17 миң 500 сом айып салынып келсе, мындан ары айдоочу үч күнгө жана айдоого укугу жок жаран 5 күнгө камакка алынат. Ошондой эле, спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат», — деп белгилешти аталган башкармалыктан.

Ошондой эле, буга чейин, айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден-соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда, 20 миң сом айып салынып же беш күнгө чейин камакка алынып келсе, мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети күнгө камакка алынат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

«Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин, кайрадан кайталанып, мас абалында унаа башкарган жана мас абалында жол кырсыгына кабылган учурда, унаасын убактылуу алып коюу менен үч жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат», — деп билдиришти башкы башкармалыктан.

Эскерте кетсек, унааны мас абалында башкарган айдоочуларды күбөлүгүнөн ажыратууну караштырган мыйзам былтыр 29-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.