Египеттеги мелдеште эки балбан коло байге жеңди

Египеттин Александрия шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Ibrahim Moustafa мелдеши өтүүдө. Ал 23-февралда башталган, 26-февралда жыйынтыкталат.

Аталган мелдештин биринчи күнүндө килем үстүнө грек-рим күрөшү боюнча балбандар чыгып, кыргызстандык эки спортчу коло байге тагынды.

63 килограмм салмакта Сыймык Махмудов үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык балбан Мадияр Малтекбаевди 9:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми 67 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев индиялык спортчу Ашу Ашуну 8:0 эсебинде утуп, коло тагынды.

Ошондой эле, Сардарбек Конушбаев (55 кг), Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Атабек Азисбеков (87 кг) жана Роман Ким (130 кг) коло үчүн күрөшүп, бирок атаандаштарына жеңилди.

whatsapp image 2023 02 24 at 10 06 28 Египеттеги мелдеште эки балбан коло байге жеңди