УКМК: Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши менен кармалды

      Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 21-февралында, КР УКМКнын Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. кармалган.
      Такталгандай, К.О.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.
      "Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.
      Кармалган А.Н.О таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.
     Азыркы учурда кармалгандар А.Н.О. жана К.О.С. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта. 
      Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

8acc2663 7235 4844 b16e d79eff05de1f УКМК: Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши менен кармалды
0bc9d06a 0b21 4ce2 beee 8f23e24c45de УКМК: Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши менен кармалды
45374e24 e9e8 46ad 83c9 d3fc5bd631ff УКМК: Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши менен кармалды
58a3ce56 409e 4f17 b480 a35ec73cb6b0 УКМК: Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши менен кармалды