
Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Талас облусунун тургуну, 29 жаштагы Нурсултан Анарбеков изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал былтыр 7-июнда «Манас» аэропортуна учуп келип, ошондон бери дайынсыз. Ал эми туугандары менен акыркы ирет 2019-жылы байланышка чыккан.
Милиция Нурсултан Анарбековдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) номерлерине кабар берүүсүн суранат.