Оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери өз өлкөсүндө оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн Россия Федерациясынын жарандарын кармашкан.
Өлкөнүн социалдык, экономикалык, саясий маселелерин чечүүдө жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кылмыштуулуктун тийгизкен терс таасири кылмыштуулук менен күрөшүү маселесин биринчи орунга коюуда. Уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыштын башка түрлөрүнө каршы күрөштү күчөтүү, кылмышкерлерди издөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу жана кызматташтыкты кеңейтүү да приоритеттүү багыттар катары каралат.
Жакында Кыргызстанга Россиянын ИИМдин Бурятия Республикасы боюнча ыкчам-издөө тобу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөө жарыяланган жарандары боюнча келишкен.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Россиянын ИИМдин Бурятия Республикасы боюнча ыкчам-издөө тобунун катышуусу менен ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда тергөөдөн жана соттон жашырынып жүрүшкөн жарандардын жүргөн жерин аныкташкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүмүндө (Каракчылык), 209-беренесинин 2,3-бөлүмдөрүндө (Бандитчилик) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн Россия Федерациясынын жарандары 1988-жылы туулган А.К. менен 1986-жылы туулган Ч.Ж. кармалышкан.
Экөөнө тең 2016-жылы мамлекеттер жана эл аралык издөө жарыяланган. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун курамында Россия Федерациясынын Бурятия Республикасынын калк жыш жайгашкан пунктарында жана Улан-Удэ шаарынын аймагында күйүүчү май куючу жайларга жана дүкөндөргө бир нече жолу каракчылык менен кол салууга айыпталышууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын укук коргоо органдарынын эки жаран тең Кытайда же Монголияда туугандарында жашырынып жүрүшү мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок, экөө тең Кыргызстандын аймагынан табылды.
Азыркы учурда кармалган жарандар камакка алынды. Жакынкы арада аларды экстрадициялоо маселелери чечилет.