Балбак Түлөбаев: “Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөп коёт”

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Садыр Жапаров эгер кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөп коё алаарын айтты. 

Эл өкүлү өз сөзүндө: “Мен алтын боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсүмүн. Садыр Нургожоевич, кааласа Кытайдын 1 млрд. 800 млн. доллар карызын азыр төлөп коёт. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш турат. Мен эсептеп көрдүм, 3 миллиард 800 миллион, 4 миллиард доллар болот экен. Ошондуктан, мен президенттин экономикалык жана саясий иштерде жүргүзүп жаткан саясатын колдойм”, – дейт эл өкүлү. 

Эске салсак, өлкөнүн тышкы карызы $4,2 млрд, анын ичинен $1 млрд 800 республика Кытайга карыз.

Буга чейин Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түшкөнүн билдирген.