ВИДЕО: Түркияда эки жолу жер силкинди

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында эки жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгы (AFAD) билдиргенин Anadolu маалымдады.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, кеминде 3 адам каза болуп, 213 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Анын айтымында, кыйраган үч имараттын урандыларынын арасында издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

6,4 баллга жеткен биринчи силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:04тө, экинчиси 5,8 баллга жетип, саат 20:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг аймактарында болду. Биринчи жер титирөөнүн очогу 16,7 км, экинчиси 7 км тереңдикте болгон.

Жер титирөө коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде сезилген. Сирияда жер титирөөнүн жаңырыгын Идлиб, Алеппо, Хама, Африн, Аазаз, Жераблус, Эл Баб жана Тел-Абяддын тургундары сезишти. Адамдар коркуп, дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө чуркап чыгышкан. Кээ бир имараттар талкаланган. Ливанда жер титирөө борбор шаар Бейрут менен кошо өлкөнүн бүтүндөй сезилген. Көп адамдар дүрбөлөңгө түшүп, көчөгө чуркап чыгышкан.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай шаар тургундарын жабыркаган имараттарга жакындабоого чакырды.