«Адамга — адам керек» ыры түрк тилине которулду

«Адамга — адам керек» ыры Түркияга көңүл айтуу үчүн түрк тилине которулду. Бул тууралуу ырчы Султан Садыралиев Инстаграм баракчасында билдирди.

Ырдын сөзүн Акбар Кубанычбеков, обонун Султан Садыралиев жазган. Ал эми ырды түркчө которгон Ибрагим Хантүрк.

Белгилей кетсек, аталган ыр 2020-жылы пандемия учурунда өзгөчө белгилүү болгон. Ырды эстрада ырчылары биргеликте аткарып чыгышкан.