
23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү жумушчу эмес күн болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында айтылат.
Ошол эле учурда, 25-февраль (ишемби) иш күнү болот. Себеби быйыл жыл башында кыргызстандыктар сегиз күн катары менен эс алганда, 25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө которулган.
Анда өкмөттүн чечими менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-8-январь дем алыш күндөр болуп белгиленген:
- 2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө которулган;
- 2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө которулган;
- 2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө которулган;
- 2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө которулган;
