Талас ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенү кызматтын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө

Бүгүн Талас ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө.

Талас ОИИБдин жетекчилиги эртең мененки саптык кароодон кийин буйруктарды жарыялады. Салтанаттуу иш-чарада облустун жана шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын офицерлерин куттукташты.

Талас ОИИБнин жетекчилиги тарабынан алардын бүгүнкү күндө аткарган иштери абдан маанилүү экендиги белгиленип, татыктуу иштеген кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Андан тышкары, Талас облусунун казыятынын жана дин башкармалыгынын өкүлдөрү аталган кызматты тыгыз байланышта жакшы алака түзүп, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө аткарган иштери үчүн ыраазычылык каттарын берип, куттуктап өтүштү.

WhatsApp Image 2023 02 20 at 13.15.42 Талас ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенү кызматтын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө