
Жарандык активист Перизат Суранова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алынган.
16-17-февралда алардын баш коргоо чарасы каралып, 20-апрелге чейин камактагы мөөнөтү узартылды.