Кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун айрым бөлүктөрү жабык

Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

18-февраль саат 09:00гө чейинки маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун 223-231-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 178-чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 96-107-чакырымында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 25-98 чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу аталган унаа жолдордо жол каттамы жабылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-303-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу республиканын аймагында ар кандай кырдаалдарын өз убагында алдын алуу жана аларга ыкчам чараларды көрүү, материалдык чыгымдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында унаа жолдордогу коопсуздукту камсыздоо үчүн, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо менен унаалар кыймылы чектелип жатат»,-деп айтылат маалыматта.