Ашказанына баңгизат жашырып келаткан жаран кармалды 

Ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын Германиядан Кыргызстанга Түркия аркылуу транзит менен кокаин баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча узакка созулган атайын операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү.

3 Ашказанына баңгизат жашырып келаткан жаран кармалды 

Алсак, милиция кызматкерлери Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизаттарды жеткирүү каналын жөнгө салууга аракет кылып жаткан белгисиз адамдар боюнча маалыматы текшеришкен. Бул маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматында катталган.

4 Ашказанына баңгизат жашырып келаткан жаран кармалды 
WhatsApp Image 2023 02 17 at 08.46.54 Ашказанына баңгизат жашырып келаткан жаран кармалды