Жаңы автобустар каттамга чыкты

Бишкек шаарында 2023-жылдын 17-февралынан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамдарга чыга баштады. Бүгүнтөн баштап бекитилген маршруттар боюнча 38-42-48- жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабаралайт.

Маалыматта айтылгандай, жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон— 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети — Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.