Түркияда турак-жай комплексинин подрядчысын Черногорияга качып бараткан жеринен кармашты

Түркиянын коопсуздук күчтөрү жер титирөөнүн кесепетинен толугу менен урап калган турак-жай комплексинин подрядчысын кармаганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Мехмет Яшар Коскун Черногорияга учууга аракет кылып жатканда Стамбул аэропортунда кармалган. Өлкөгө чыгууга тыюу салууну шаардын башкы прокуратурасы койгон. Учурда анын бир тууганы, курулуш компаниясынын тең кожоюну жана инженер изделүүдө.

Имарат 11 жыл мурун курулган жана жер титирөөгө туруштук бериши керек болчу. Тергөөнүн версиясы боюнча, курулуш учурунда нормалар бузулган.

Жалпысынан жер титирөөдөн кийин 170ке жакын юрист кыйраган турак жайларды куруучулардын үстүнөн сотко кайрылып, алардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салууну талап кылышкан.

Эскерте кетсек, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.

Табигый кырсыктын кесепетинен 24 миңге жакын адам каза болуп, жүз миңдеген адамдар жабыр тартты. Ал эми кыйраган имараттардын саны миңдеп саналат.