Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине бир айлыктын алкагында эне тили боюнча лекциялар уюштурулууда

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

21-февралда белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан эне тил күнүн майрамдоонун бир айлыгы жарыяланды. Жарыяланган бир айлыктын алкагында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулук курамын чакыруу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мындай иш-чаралардын бири, 10-февралда Ысык-Көл облусунун ИИБдин жыйындар залында болуп өттү. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Педагогикалык факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Асель Анапияева облустук милициянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз тилин сактоо жана жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады. Мындан тышкары, кызматтык документтерди түзүү эрежеси жөнүндө кеңири түшүндүрүп, анда маалыматтын маанисин так билдирген сөздөрдү туура кандай тандоо керек экендиги боюнча маалыматтарды берип кетти. Окулган лекция облустук милициянын өздүк курамынын кызыгуусун жаратты.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кызматкери тарабынан мындай иш-чаралар региондун бардык райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 02 10 at 14.36.33 Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине бир айлыктын алкагында эне тили боюнча лекциялар уюштурулууда
WhatsApp Image 2023 02 10 at 14.36.33 1 Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине бир айлыктын алкагында эне тили боюнча лекциялар уюштурулууда
WhatsApp Image 2023 02 10 at 14.36.34 1 Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине бир айлыктын алкагында эне тили боюнча лекциялар уюштурулууда