Кыргызстандагы имараттар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет

Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу бүгүн, 10-февралда «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштеринин башталышында 8-9 баллдык жер титирөө эсепке алынат.

«Экспертизанын чечими менен курулуш жүргүзүлөт. Имараттар 9 баллга чыдайт», – деди Иманакун уулу.