
Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-февраль күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Аламүдүн айылынын тургуну 1984-жылы туулган Р.С аттуу жаран кайрылып, 2006-жылы туулган А.А аттуу уулу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Коомдук коопсуздук кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган А.А аттуу өспүрүм, Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунан табылып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
