Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ымыркайлардын энеси 29 жашта. Балдар кесарево жолу менен төрөлгөн.
«Салмагы 2 килограмм 494 грамм, 2 килограмм 48 грамм, 2 килограмм 218 грамм жана 2 килограмм 432 грамм болгон уул жана үч кыз төрөлдү», – деп айтылат башкармалыктын маалыматында.
Балдардын жана эненин абалы канааттандырарлык.