Баткен шаарында “Милициянын жаш досу” аталышындагы сынагы өттү

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Баткен шаарынын орто мектептеринин окуучуларынын арасында 2023-жылдын 9-февраль күнү “Милициянын жаш досу” аталышындагы сынагы өткөндүгү кабарланат.
Белгилей кетсек, Баткен ОИИБнын тескемесинин негизинде Баткен шаарынын аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде окушкан окуучулардын арасында “Милициянын жаш досу” отрядынын сынагы уюштурулган.
Бул сынакта 1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин “Алмаз” командасы, 2-орунду В.И.Ленин атындагы орто мектебинин командасы ээлешти. Эки команда Кызыл-Жол атындагы орто мектебинин “Акшумкар” командасы менен А. Имаров-Кызыл-Топу атындагы орто мектебинин “Тынчтык” командасы 3-орунду ээлешти.
Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Андан сырткары, Коомдук алдын алуу борборунун жана “Эл аралык толеранттуулук” фондунун белектери берилди.

WhatsApp Image 2023 02 09 at 13.09.33 Баткен шаарында “Милициянын жаш досу” аталышындагы сынагы өттү
WhatsApp Image 2023 02 09 at 13.09.32 1 Баткен шаарында “Милициянын жаш досу” аталышындагы сынагы өттү
WhatsApp Image 2023 02 09 at 13.09.32 Баткен шаарында “Милициянын жаш досу” аталышындагы сынагы өттү