Нарында 48 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунда 48 млн сомго бааланган 9,2 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышы боюнча «Кадастр» ишканасынын Кочкордогу филиалында текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүү учурунда аталган орган тарабынан мамлекеттик үрөн чарбасынын менчигинде турган жер аянты эч кандай укук аныктоочу иш кагаздары жок кийин тузүлгөн жеке менчик үрөн чарба кооперативинин наамына берилип кеткендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, жогоруда аталган 48 млн сомго бааланган 9,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.